Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:30

Балыкчы - Каракол унаа жолу ачылды


Балыкчы-Каракол унаа жолу кечээ кечки саат алты жарымдар чамасында Сейитбек Куланбаев бошотулгандан кийин ачылды. Түштөн кийин жергиликтүү тургундар жолду Жети-Өгүз районунун Жеңиш айылынын тушунан “Камаз” үлгүсүндөгү жүк ташуучу автоунаа менен тосуп коюшкан. Мындай кадамга алар айыл тургуну, Кумтөр маселеси боюнча нааразычылык акцияларына катышып келген жаш активистти кармап кеткенден кийин барышкан.
Бул кармоого милициянын тиешеси жоктугун Ысык-Көл облустук ИИБинен мурдараак “Азаттыкка” билдиришкен. (MK/MTo)

XS
SM
MD
LG