Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Июнь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:42

Жалал-Абад: бийлик басып алуу иши боюнча сот жылдырылды


Жалал-Абад облустук бийлигин басып алууга аракет кылды деп айыпталып, жаза чектелген жергиликтүү тургундар Шайырбек Ташиев, Медер Үсөнов, Жеңишбек Токторбаев менен Абсатар Сыргабаевдин апелляциялык арыздарын кароону облустук сот 13-декабрга жылдырды. Мындай чечим облустук коллегиянын жума күнкү отурумунда чыкты.

Аталган жарандарды Жалал-Абад шаардык соту 6-ноябрдагы өкүмү менен төрт жылдан алты жылга чейин шарттуу кескен. Буга Жогорку Кеңештин үч депутатынын ( К. Ташиев, С.Жапаров, Т. Мамытовдун) баш коргоо чарасын өзгөртүү талабын койгон 31-майдагы нааразылык акцияларынын учурундагы окуялар негиз берген. (YA/MTo)

XS
SM
MD
LG