Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Май, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:57

Бишкекте аткаминерлер спорттон таймашууда

Бүгүн Бишкекте мамлекеттик кызматкерлердин спартакиадасы башталды. Анда 39 команда спорттун кичи-футбол, үстөл тенниси, кол күрөш баштаган 12 түрү боюнча күч сынашууда.

Мелдештин былтыркыдан айырмасы - кесиптик өзгөчөлүгү, такай машыгып турганы эске алынып, күч тармагындагы 7 министрлик өз ара беттешүүдө. Калган мамструктуралар өзүнчө беттешип жатат.

Спартакиада 12-декабрда жыйынтыкталат. Былтыркы спартакиадада биринчи орунду Ички иштер министрлиги, экинчини Дене тарбия жана спорт агенттиги, үчүнчүнү Каржы министрлиги алган. (КМа/MTo)
XS
SM
MD
LG