Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:50

Мырзакматов жактоочуларынын алдына чыкты


Мелис Мырзакматов жактоочуларынын алдына чыгып, бир катар билдирүүлөрдү жасады. Анын ичинде "Улуттар биримдиги" менен "Өнүгүү" партиялары бириккенин тастыктады.

Ошондой эле 15 күндүн ичинде өтө турган мэр шайлоого катыша турганын жана жеңерине ишенерин билдирди. Митинг бүгүн эртең менен Ош шаарынын борбордук аянтында башталган.

Учурда чогулган адамдардын саны 10 миңге чукулдап калды. Аларга Папан айылынан 20дан ашуун атчан кошулду. Митингде 2 айга камакка алынган "Ата-Журттун" депутаты Акматбек Келдибековдун колдоочулары да бар. (ErN/MTo)

XS
SM
MD
LG