Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:57

“Таблиги жамаат” журналист менен соттошууда


Кыргызстандагы “Таблиги жамаат” уюмунун мүчөлөрү “Алиби” гезитинин журналисти Кубатбек Айбашев менен соттошууда.

Аталган диний уюм "ар-намысыбызга шек келтирди" деп эсептеп, Айбашевди ушул жылдын май айында сотко берген. 6-декабрда өткөн сотто “Таблиги жамааттын” Кыргызстанда расмий катталбаганы, андыктан жеке адамдардын арыз бериши негизсиз экени айтылды.

Ал эми уюмдун мүчөсүмүн деп арыз жазган дааватчы Камчыбек Өмүрзаков мусулманчылык милдеттерди аткарууда, динге чакырууда cөзсүз түрдө каттоодон өтүүнүн зарылчылыгы жок деп эсептейт.

Судья Бакыт Калбаев “Таблиги жамаат” менен “дааватчылар” бир эле уюмбу же эки башкабы деген суроого эксперттик корутунду керектигин айтып, сотту белгисиз мөөнөткө калтырды.

Кыргызстанда даават боюнча бирдиктүү пикир жок. Өткөн аптада Жогорку Кеңештин айрым депутаттары тартип коргоо органдарын аталган уюмдун ишмердигин текшерүүгө алууга чакырышкан. (ZBa/MTo)

XS
SM
MD
LG