Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:09

Борбор Африкадагы кагылышууларда 300 адам мерт кетти


Борбордук Африка Республикасында мусулмандар менен христиандар кагылышып, миңдеген адамдар борбор калаа Бангинин аэропорту тарапка качышууда.

Аэропортто 5-декабрда Бириккен улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешинин чечими менен Африка кеңешинин куралдуу күчтөрүн жана француз контингентин жайгаштырган. Алардын карапайым адамдардын өлүмүн алдын алуу боюнча күч колдонууга укугу бар. Француз контингентинен 1200 жоокер, ал эми Африка кеңешинен 3000ден ашуун жоокер келет.

Эл аралык "Кызыл чырым" уюмунун маалыматына ылайык, акыркы күндөрдөгү кагылышуулар учурунда 300гө жакын адам мерт кетти. Өлкөдөгү кырдаал мартта "Селека" исламчыл тобунун өлкөнүн өкмөтүн кетирип, христиан азчылыгына каршы репрессияларды баштагандан кийин курчуган. (AiK)

XS
SM
MD
LG