Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:55

Британияда миңден ашык авиарейс токтоду


"Хитроу" аэропортундагы жүдөгөн жүргүнчү, Лондон, Британия, 17-май 2010-ж.
"Хитроу" аэропортундагы жүдөгөн жүргүнчү, Лондон, Британия, 17-май 2010-ж.
Эл аралык жарандык авиация күнүн британ авиаторлору жана авиажүргүнчүлөрү маанайсыз тосуп алышты. Англиянын аба мейкиндигин көзөмөлдөгөн компьютериндеги мүчүлүштүгүнүн айынын Британиянын сегиз ири аэропортунда миңден ашуун авиажүргүнчүлөр уча албай отурушат.

Түштүк Британиянын аба мейкиндигин тейлеген компьютер түнкү мөөнөттөн таңкы мөөнөткө өтөөрдө кандайдыр бир себептер менен бузулуп калган. Англиянын түштүгүндөгү Суонуик шаарчасындагы Учууларды көзөмөлдөө борбору маалымдагандай, асмандагы учактар, аэропорттор жана аба жолдорун көзөмөлдөө кызматтары ортосунда байланыш үзгүлтүккө учураган. Асманда кооптуу кырдал жаралгандыгынан улам миңден ашык авиакаттамдар токтотулган.

Ирландиянын эки жана Британиянын ири сегиз аэропортунда, анын ичинде Лондонду тейлеген бардык алты аба майданда компьютердин мүчүлүштүгүнөн улам жүргүнчүлөр уча албай отурушат. "Хитроу" – дүйнөдөгү эң ири аэропорт жана Лондондун асманында бир эле маалда эң азы 75 самолёт болот.

Учууларды көзөмөлдөө борбору жана Британиянын Жарандык авиация башкармалыгы кабарлагандай, бул проблеманы саат 17:30га (Бишкек убактысы боюнча 23:30) чейин чечкенге болгон күчүн жумшаарын маалымдады. "Хитроу" аэропортунда он миңден ашуун жүргүнчүлөрдү авиакомпаниялар төрт-беш авиарейсти бириктирип, чоң учактар менен жөнөтүүгө аракет көрүп жатышат.

"Хитроу" аэропортунан Лондон – Алматы, Лондон – Ашхабад жана Лондон – Москва аба каттамдары бир топ кечигүү менен аткарылды. Түндүк Европадагы көптөгөн аба жана деңиз каттамдары "Ксафе" бороонунан улам 5-декабрда токтогон. (BAz)

XS
SM
MD
LG