Камактагы Жогорку Кеңештин депутаты Акматбек Келдибековдун тарапкерлери Ош шаарындагы нааразылык акциясын улантып жатат. Аймактык кабарчыбыздын билдиришинче, шаардын борбордук аянтында тигилген үч боз үйдө 20га жакын адам Келдибековду үй камагына чыгарууну талап кылышууда. Тарапкерлер жакынкы күндөрү ири нааразылык акциясын уюштураарын билдирип жатышат.
Коррупцияга шектелген депутат Келдибеков 22-ноябрда УКМКнын тергөө абагына эки айга камалган. Башкы прокуратура Келдибековду жетекчилик кызматта турганда мамлекеттик казынага 30 миллион сомдон ашык каражат зыян келтирген деп айыптоодо. Келдибеков жана анын тарапкерлери муну саясий куугунтук катары баалап келишет.(BkA\ErN)