Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:41

Украин оппозициясы ири нааразылык акцияга камынууда


Бүгүн Киевде украин оппозициясы нааразылык акциясын өткөргөнү жатат. Оппозиция тарапкерлерин президент Виктор Януковичтин Евробиримдик менен тыгыз кызматташуу планынан баш тарткан чечимине каршы чыгууга чакырып жатат. Ишемби күнү Киевдин борбордук аянтына чогулган 20 миңге чукул адамга Грузиянын мурдагы президенти Михаил Саакашвили кайрылып, Европага жакындоо талабы менен өтүп жаткан митингдерди токтотпоого үндөдү.

Ал ортодо расмий Москва жана Киев Янукович менен Путин Украинанын Бажы биримдигине кошулуусу тууралуу маселени талкуулабаганын билдирди. Буга чейин жума күнү Сочиде эки президенттин жолугушуусунда дал ушул маселе талкууланганы тууралуу каңшаар тараган. Путиндин пресс-катчысы Дмитрий Песков мындай маалыматты четке кагып, эки президент энергетикалык кызматташтык маселесин талкуулаганын кабарлады. Украин оппозициясы Бажы биримдигин Советтер Союзнун жаңыча версиясы деп атап, ага кошулууга караманча каршы болууда.

XS
SM
MD
LG