Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:30

Баткенде жол кырсыктары кескин көбөйдү


Бул тууралуу Баткен облустук Жол коопсуздук кызматынан «Азатыкка» билдиришти. Маалыматка ылайык, быйылкы жылдын 11 айында өткөн жылга салыштырмалуу 41 жол кырсыгы көп катталган. Өткөн жыл ичинде 45 киши каза тапса быйылкы 11 айда 57 киши жол кырсыгынан каза тапкан.

Аймакта жол кырсыгынын көп катталып жатышы МАИ кызматкерлеринин жетишсиздигинен жана 85 пайыз айдоочулардын күнөөсүнөн улам болгону белгиленет. Баткен облусундагы 35 МАИ кызматкеринин ар бирине 180 чакырым жолду көзөмөлдөөгө туура келет. Ал эми талап боюнча ар бир МАИ кызматкери 20дан 30 чакырымга чейинки жолду көзөмөлдөшү керек. Бул маселе облустук жыйында көтөрүлүп, жол белгилерин орнотуу жана жол кырсыктарына себепчи болуп жаткан кемчиликтерди жоюу боюнча 110 эскертүү берилген. Бирок бул эскертүүлөрдүн 15 пайызы гана ишке ашырылган. (JsA)

XS
SM
MD
LG