Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:20

Киевде Лениндин эстелиги талкаланды


Украина, Киев. 8-декабрь, 2013-жыл
Украина, Киев. 8-декабрь, 2013-жыл
Киевде миңдеген демонстранттар шаардын борбордук аянтына түнөштү. Жекшембидеги оппозициянын ири нааразылык акциясына 500 миңге жакын адам катышканы кабарланды. Алар өлкөнүн Евробиримдик менен тыгыз кызматташууcсун жана президент Виктор Януковичтин отставкасын талап кылышууда. Айрым демонстранттар Советтер Союзунун негиздөөчүсү Владимир Лениндин Киевдеги эстелигин кулатып, талкалашты. Оппозиция лидерлери бийликтен мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүүнү талап кылышууда.

Ал эми Украинаны премьер-министри Микола Азаровдун маалымат кызматы Лениндин эстелигин талкалоону “варвардык көрүнүш” деп атады. Еврокомиссиянын президенти Жозе Мануэл Баррозу БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун менен Украинадагы абалды телефон аркылуу талкуулап, кырдаалды жөнгө салуу үчүн Янукович саясий чечим кабыл алышы зарыл экенин билдирди.

21-ноябрда Украина өкмөтү Евробиримдик менен келишимди даярдоону токтоткон соң, массалык нааразылык акциялар бүт өлкө боюнча башталган.

XS
SM
MD
LG