Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:17

Ооганстандагы кырдаал Бишкекте талкууланат


Бүгүн Бишкекте 2014-жылдан соң Ооганстандагы кырдаалга арналган тегерек үстөл өтөт. Талкууну Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер боюнча комитети, “Регион.kg” аналитикалык ресурсу менен биргеликте уюштурууда. Анда кийинки жылы Ооганстандан НАТО баштаган эл аралык контингенттин аскерлери чыккан соң, кырдаал жана аймактык коопсуздукту сактоодогу Жамааттык коопсуздук кызматташтык уюмунун ролу талкууланат. Буга чейин октябрь айында Ооганстандагы кырдаалга байланыштуу эл аралык конференция Бишкекте өткөн болчу.

Ооганстандан 2014-жылы кийинки жылы НАТОнун аскерлери толугу менен чыгарылат. АКШнын белгилүү сандагы аскерлерин калтыруу боюнча келишим даярдалып, бирок кол коюла элек. (BkA)

XS
SM
MD
LG