Араван районунун Керме-Тоо айылындагы мектепте өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, 7-декабрь түнү чыккан өрттөн мектептин чатыры, 6 окуу бөлмөсү бүт жабдыктары менен күйүп кеткен. Өрттөн жабыр тарткандар жок. Учурда чыгымдар эсептелүүдө. Алдын ала божомол боюнча өрт жылытуучу мештердин жана морлордун туура эмес коюлушунан чыгышы мүмкүн. (BkA)