Ош шаарында бүгүн коомдук-саясий абал тынч. Нааразылык митингдери болгон жок. Бул тууралуу “Азаттыкка” Ош шаардык Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Учурда борбордук аянтта депутат Акматбек Келдибековдун тарапкерлери тиккен үч боз үй жана анын он чакты тарапкерлери турат. Алар депутат бошотулмайынча аянтта болушарын буга чейинки митингдерде айткан.
20-ноябрда коррупциялык иштерге тиешеси бар деген айып менен Акматбек Келдибеков камакка алынгандан соң Ошто бир канча жолу ири нааразылык митингдери өткөн. 5-декабрда Мелис Мырзакматов калаа башчы милдетинен алынганына нааразы болгондор да аянтка нааразылык акциясына чыгышкан. (SE)