Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Июль, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:00

Баткенде быйыл 16 ФАП ишке берилди

Бул тууралуу үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун Баткен облусу боюнча координатору Сайпидин Төрөев “Азаттыкка” билдирди.

Анын айтымында, жаңы ачылган фельдшердик-акушердик пункттардын 14ү эл аралык уюмдардын колдоосу менен ишке кирген. Жаңы медициналык мекемелердин басымдуу бөлүгү чек аралаш айылдарда.

Адистердин айтымында, облус аймагындагы айылдык эмканалардын көпчүлүгү өткөн кылымдын 60-жылдары курулган. Жабдуулары да жаңыланууга муктаж. (JsA)
XS
SM
MD
LG