Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:48

Авазбек Аманбеков дүйнө чемпиону болду


Кыргызстандык Авазбек Аманбеков кикбоксинг боюнча дүйнө чемпиону болду. Бул тууралуу “Азаттыкка” Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин басма сөз катчысы Нурдин Султамбаев билдирди.

Эл аралык мелдеш 8-декабрда Түркиянын Анталия шаарында жыйынтыкталды. 57 кг салмакта Авазбек Аманбеков рингге 4 ирет чыгып, бардык атаандаштарын жеңди. Мелдешке Кырызстандан 13 мушкер барган.

Кикбоксингдин фул-контакт ыкмасында 54 кг салмакта Уланбек Касымбеков менен 81 кг салмакта Кумар Жалиев коло байгелүү болуп, үчүнчү орунду ээлешти. (КМа)

XS
SM
MD
LG