Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:59

Грузияда баш прокурордун мурдагы орун басары камалды


Тбилиси шаарынын соту башкы прокурордун мурдагы орун басары Давит Чхатарашвилини убактылуу кармоочу жайга камоо чечимин чыгарды. Анын иши боюнча биринчи соттук угуулар январдын аягына белгиленди. Жекшембиде кармалган Чхатарашвили кызматтан кыянат пайдаланган, абакта отургандарга ыдык көргөзүүгө жол берген, далилдерди бурмалаган, кылмыштуу иш-аракеттерге өбөлгө түзгөн деп айыпталууда. Ал бул кызматты 2010-2012-жылдары аркалаган.

Мурдагы аткаминер былтыр сентябрда түрмөдө болгон жаңжалга байланыштуу кармалды. Абактагыларды уруп-сабап жатышкан видеотасма парламенттик шайлоо алдында ачыкка чыгып кеткен.

XS
SM
MD
LG