Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:24

Мандела менен коштошууга 70 өлкөнүн жетекчилери барат


Нелсон Мандела менен коштошуу зыйнатына 70тен ашуун мамлекет жана өкмөт башчылары катышмакчы. Түштүк Африканын Тышкы иштер министрлиги кабарлагандай, маркум менен коштошуу үчүн шейшембиде Йоханнесбургдун футбол стадионуна АКШ президенти Барак Обама, Кубанын лидери Рауль Кастро, Британиянын премьер-министри Дэвид Кэмерон жана башка көптөгөн жогорку жетекчилер чогулушат. Өлкө парламенти бүгүнкү сессиясын Манделага арнады.

Түштүк Африканын мурдагы президенти, демократия үчүн күрөштүн символуна айланган Мандела өткөн бейшембиде 95 жаш курагында көз жумган. Анын тажыясы 15-декабрда болот.

XS
SM
MD
LG