Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:03

Ошто аялы менен баласынын өлүмүнө шектүү киши кармалды


Ош шаарында жубайын жана 9 жаштагы баласын өлтүрдү деген шек менен 28 жаштагы жергиликтүү тургун сурак берүүдө. Шектүүнү бүгүн түш оогон кезде кийими кан абалында көчөдө бара жаткан жеринен милиция кызматкерлери кармаган.

Ыкчам тергөөдөн соң, ал күч кызматкерлерин үйүнө алып барган. Бөлмөдөн анын жубайы жана баласынын канга боёлгон жансыз денеси табылган. Шектүү катары кармалган жаран аялы менен чырлашып кетип, баласы экөөнү өлтүрүп койгонун айткан. Бул тууралуу “Азаттыкка” Ош шаардык Ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков билдирди.

Тергөө амалдары уланууда. (SE)

XS
SM
MD
LG