Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:24

Пакистан премьери пилотсуз учактарды сындады


АКШнын коргоо министри Чак Хейгел Исламабадда Пакистан өкмөт башчысы Наваз Шариф менен жолукту.

Исламабад менен Вашингтондун мамилесине америкалык пилотсуз учактардын Пакистандын аймагындагы соккулары көлөкө түшүрүп келет. Пакистан өкмөтүнүн билдирүүсүндө белгиленгендей, Шариф Исламабад Ооганстандагы тынчтык жана жарашуу процесстерин колдоорун кайталады. Премьер ошондой эле пилотсуз учактардын чабуулдарына байланыштуу камтамасын билдирип, терроризмге каршы күрөштө алар тескери натыйжа берип жатканын белгиледи. АКШ президенти Барак Обама согушкерлердин шектүү жайларына сокку уруу үчүн пилотсуз учактарды пайдалануу эффективдүү экенин айтып келет.

XS
SM
MD
LG