Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:45

Киевде милиция тосмолорду алууда


Украин оппозициясы коопсуздук аскерлери өкмөттүк имараттар жайгашкан кварталда тосмолорду буздура баштаганын маалымдады. Аскерлер демонстранттардын Киевдин борбордук көчөлөрүндөгү чатырларын да алып жатышат. Шаардын борбордук бөлүгүнө бүгүн коопсуздук күчтөрүнүн атайын бөлүктөрү тартылган. Парламенттеги “Батьковщина” фракциясынын жетекчиси Арсений Яценюк милиция күч колдонсо, анын арты эмне менен аяктаары белгисиз деп эскертти.

Буга чейин президент Виктор Янукович оппозиция менен тегерек үстөл өткөрүү сунушун колдогон. Андай демилгени экс-мамлекет башчы Леонид Кравчук көтөргөн. Янукович шейшембиде кризисти чечүү жолдорун мурдагы 3 президент менен талкууламакчы.

Дээрлик 3 жумадан бери өлкөдө нааразылык акциялары токтобой келатат. Оппозиция жетектеген демонстранттар Евробиримдик менен интеграцияны жана Янукович менен өкмөт башчы Микола Азаровдун кызматтарынан кетишин талап кылышууда.

XS
SM
MD
LG