Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:25

Эл аралык арбитражда Жерүй боюнча арыз каралат


Бүгүн Гаагадагы Эл аралык арбитражда Казакстандын Visor компаниясынын Жерүй кени боюнча арызы карала баштайт. Бул тууралуу “Азаттыкка” Экономика министрлигинин жаратылыш ресурстарын пайдалануу башкармалыгынын башчысы Алмаз Алимбеков билдирди. Анын айтымында, сотто Кыргызстандын кызыкчылыгын коргоо үчүн кыргыз өкмөтү “Арнолинг портер” аттуу юридикалык компанияны жалдады.

2010-жылы бийлик алмашканга чейин Жерүйдү иштеткен компаниянын акцияларынын 60 пайызы казакстандык Visor компаниясына таандык болгон. Жаңы бийлик инвестордук милдетти аткарган жок деген жүйөө менен анын лицензиясын жокко чыгарган болчу. Казакстандык компания кыргыз өкмөтүн эл аралык сотко берип, 400 миллион доллар доо койгон.

Таласта жайгашкан Жерүй алтын кору боюнча Кумтөрдөн кийинки ири кен. Аны иштетүү аракетинен үч жылдан бери майнап чыкпай келет.(BkA)

XS
SM
MD
LG