Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:49

Мандела менен коштошууга Обама барат


Түштүк Африканын борбору Йоханнесбургдун стадионунда өтчү коштошуу зыйнатына 100 миң адамдын катышаары күтүлүүдө. Алардын арасында АКШнын президенти Барак Обама, Британиянын премьер-министри Дэвид Кэмерон, Франциянын президенти Франсуа Олланд баштаган 70ке жакын өлкөнүн башчылары бар. Түштүк Африканын бийликтери бул үчүн бардык коопсуздук чаралары көрүлгөнүн билдирүүдө.

Түштүк Африканын мурдагы президенти, демократия үчүн күрөштүн символуна айланган Мандела өткөн бейшембиде 95 жаш курагында көз жумган. Анын тажиясы 15-декабрда өзү туулган Куну айылында болот.

XS
SM
MD
LG