Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:18

Кыйноо боюнча арыздануулар азайды


Убактылуу кармоочу жайларда, тергөө абактарда кыйноо жана ырайымсыз мамиле тууралуу прокуратура органдары быйыл 11 кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу Башкы прокурордун орун басары Улан Калдаров билдирди. Анын айтымында, козголгон арыздын 8и тергилип бүтүп, сотко жөнөтүлдү. 3 арыз тергелип жатат. Былтыр болсо кыйноо фактылары боюнча 31 иш козголуп, 21 иш сотко өткөрүлгөн.

Калдаров кыйноо фактысы боюнча ишти тергөө кыйын болуп жатканын, көпчүлүк учурда кыйноого кабылган адамдар өз убагында прокуратурага арыз жазбай жатканын кошумчалады.

Бирок укук коргоочулар жабык жайларда кыйноолор токтобой жатканын айтып келишет. Буга чейин Бириккен улуттар уюмунун өкүлдөрү Кыргызстанда кыйноо көп кездешчү көрүнүш экенин билдирген.(BkA\EBM)

XS
SM
MD
LG