Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июнь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:08

Иран АКШны жаңы санкцияларды киргизбөөгө чакырды


АКШ Конгресси Иранга каршы жаңы сакнцияларды киргизсе, өзөктүк программа боюнча келишим ишке ашпайт. Бул тууралуу Ирандын Тышкы иштер министри Жавад Зариф билдирди.

Ал “Тайм” журналына маегинде жаңы санциялар кирсе, Иран милдеттенмелер аткарбай турганын эскертти.

24-ноябрда Женевада АКШ, Орусия, Кытай, Британия, Германия жана Франция кирген алтылык менен Иран өзөктүк программа боюнча макулдашууга жетишкен. Макулдашууга ылайык, Иран уранды байытууну белгилүү бир чектен ашырбоо милдеттенмесин алган. Буга жооп катары Батыш өлкөлөрү Иранга каршы бир катар санкцияларды алып салуу убадасын берген. Бирок АКШдагы айрым сенаторлор Иран келишимди аткарбай турган болсо жаңы санкцияларды киргизүү сунушу менен чыгышкан.

XS
SM
MD
LG