Жети-Өгүздүн Саруу айылында бир-эки айдан бери митингге чыгып жаткандар айылга “өзгөчө кырдаал” киргизишти. Бул күч кызматтарынын аларды кармап кетүү аракеттерине каршылык иретинде жасалган кадам экенин “Азаттыкка” саруулуктардын лидери Замир Меңдибаев маалымдады.
Анын айтуусунда, “өзгөчө кырдаал” саат 22:00-7:00 чейин болот. Бул убакта жергиликтүү тургундарга көчөдө жүрүүгө тыюу салынган. Ошондой эле айылга кирип-чыгуучу жерлерге атайын тозоттор орнотулду.
Меңдибаевдин айтуусунда, саруулуктар милиция жана УКМК кызматкерлери улам келип тургундарды четинен кармап кетип жатканына нааразы. “Биз 23-декабрга чейин эч кандай чара колдонбой күтүп турууну чечкенбиз. Эгер бийлик ага жеткирбей бизге күч колдоно берүүчү болсо, нааразылык акциябызды Бишкекте же Кумтөрдө өткөрүүгө аргасыз болобуз”,- дейт Замир Меңдибаев.
Саруулуктардын бул кадамын Ысык-Көл облустук милициясы мыйзамсыз деп эсептөөдө. Бул тууралуу ОИИБнин маалымат катчысы Сталбек Усубакунов "Азаттыкка" билдирди.
Жети-Өгүз районунун Саруу айылынын тургундары Кумтөр алтын кенин улутташтыруу талабы менен быйыл май айынан бери митингдерди уюштуруп келет. 7-октябрда Каракол шаарында болгон митинг облустагы өкмөттүн өкүлүн автоунаага камап коюу менен коштолгон. Аягында митингди күч кызматы кууп таратып, 23 кишини камакка алган. Учурда алардын сегизи УКМКнын тергөө абагында отурушат.(ZKo)