Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:39

“Азаттыктын” кабарчылары сыйлык алды


Адам укуктарын коргоо күнүнө карата “Биздин үйгө тынчтык!” деген аталышта жарыяланган сынакта “Азаттыктын” кабарчысы Канымгүл Элкеева электрондук маалымат агенттиктеринин арасында 1-орунду жеңип алды. Сынак аялдарга каршы зомбулуктун 16 күндүгүнө карата жарыяланган.

Ал эми Адам укуктарын чагылдыруу боюнча журналисттердин сынагында кабарчыбыз Уланбек Эгизбаев Акыйкатчы институтунун атайын сыйлыгына татыды. Ушундай эле сыйлыктар менен КТРК, “Вечерний Бишкек маалымат агенттиги, “Алиби”, “Кыргыз Туусу” жана башка маалымат каражаттарынын журналисттери сыйланышты.

Ал эми “адам укуктарынын маселелерин мыкты чагылдырган редакциялык жамаат” наамындагы сыйлыкты АКИ-пресс агенттиги ээледи.

Акыйкатчы институту үч ай мурун “Кыргызстанда адам укугунун корголушу” темасындагы макала-публикациялар үчүн сынак жарыялаган.(ZKo/SE)

XS
SM
MD
LG