Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн Евробиримдиктин Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Патриция Флорду кабыл алды. Жолугушууда Кыргызстан менен Евробиримдиктин өз ара кызматташтыгы жана үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында президенттин Евробиримдикке жасаган расмий сапарынын жыйынтыгы талкууланды. Тараптар расмий сапар учурунда жетишилген макулдашуулардын ишке ашырылуусуна да канааттангандыктарын белгилеп, мындан ары эки тараптуу кызматташууларды өнүктүрүү ишенимин билдиришти.
Бул тууралуу КР президентинин басма сөз кызматы маалымдады. (ZKo)
Бул тууралуу КР президентинин басма сөз кызматы маалымдады. (ZKo)