Орусиянын Ооганстан жана Борбор Азия мамлекеттериндеги элчилери чөлкөмдөгү кырдаалды талкуулоодо. Ташкенттеги жыйынга Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Григорий Карасин төрагалык кылууда. Ага Ооганстан, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын да өкүлдөрү катышаарын Орусиянын тышкы иштер министрлиги билдирди. Өзбекстандын тышкы иштер министри учурда АКШда жүрөт. Москвада чыкчу "Коммерсантъ" гезитине басылган интервьюда Душанбедеги орус элчиси Игорь Лякин-Фролов Ооганстандан чет элдик аскерлер чыгып кеткенден кийин Тажикстандагы Орусиянын базасы алда канча күчтөндүрүлөт деген оюн айткан. Азыр Ооганстандагы чет элдик аскерлер 2014-жылы чыгып кетүүгө кызуу даярданып жаткан кез.