Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:03

Бишкек ТЭЦине көмүр ортомчу ишканалардан алынат


Эсеп палатасынын сайтына жарыяланган баяндамасына ылайык, өткөн жылы жана быйылкы алгачкы үч айда Бишкек ТЭЦине сатылып алынган көмүрлөр казакстандык ортомчу ишканалар аркылуу алып келинген. Маалыматка ылайык, ортомчу фирмалар көмүр кендерине ээ эмес.

"ТОО ВEST, «ТНК-Көмүр», «Шахта Западная» ишканалары бул аралыкта “Электр станциялары” ишканасына 514 миң тоннадан ашуун көмүр сатышкан, анын ичинен 80% ашууну Шубаркүл кенинин көмүрү. Шубаркүлдүн көмүрүн алуу боюнча ВEST жана “Прогресс компани” ишканалары менен келишим түзүлүп калганына байланыштуу “Шубаркүл көмүр” ишканасы “Электр станциялары” менен түздөн-түз келишим түзүүгө укугу жок",- деп айтылат баяндамада.

Баяндамада Бишкек ТЭЦине мазут Орусиянын “Газпром” ишканасынан “Асур” деп аталган ортомчу фирма аркылуу тоннасы 450 доллардан сатылып алынганы да айтылат. Мазуттун баштапкы баасы 406 долларды түзөт. Мындан ортодо 1 млн. 157 миң доллар акча ашыкча төлөнгөн. (ZKo)

XS
SM
MD
LG