Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:55

Украин делегациясы шаршемби күнү Брюсселге барат


Бул жөнүндө маалымат агенттиктери Украин президенти Виктор Януковичке шилтеп маалымдашты. Виктор Янукович бүгүн өлкөнүн экс-президенттери Леонид Кравчук, Леонид Кучма жана Виктор Ющенко менен саясый кырдаалды талкуулады. Эми бийлик, оппозиция жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышкан тегерек стол болот.

АКШ Мамкатчысынын орун басары Виктория Нуланд Киевде европачыл оппозициянын лидерлери Виктор Яценюк, Виталий Кличко жана Олег Тягнибок менен жолугушту. Сүйлөшүүдөн соң кабарчыларга: "Биз оппозициянын бардык мартабалуу жетекчилери менен аябай үзүрлүү сүйлөштүк. Кошмо Штаттар кырдаалды жөндөөгө кызыкдар. Биз тынчтыкты, адамдардын ар намысын калыбына келтирүү, Европага чыйыр салуу жана экономикалык туруктуулукка жетишүү үчүн Европа Биримдиги менен колмо-кол иштешип жатабыз. Биз бүгүн кечке жуук өкмөт мүчөлөрү жана президент Янукович менен жолугушабыз деген тилектебиз,” – деп билдирди Нуланд айым.

XS
SM
MD
LG