Орусия Арктикадагы аскердик таасирин чыңдайт. Мындай тапшырманы орус президенти Владимир Путин шейшембиде Коргоо министрлигиндеги жыйын учурунда берди. Путиндин айтымында, Советтер Союзу тараган соң Орусия бир нече жыл кароосуз калтырган “байлыкка мол аймакта” мындан соң активдүү түрдө таасирин күчөтөт.
Арктикадагы энергетикалык булактарга Орусиядан башка Канада, Норвегия жана Дания да көз артып келет. Өткөн аптада Канада Түндүк уюлдагы өз аймагын көздөй аккан сууларга ээлик кылуу укугун таануу үчүн БУУга кайрылаарын билдирген.