Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:02

Парламент “Кыргызгаз” маселесин кароодо


Жогорку Кеңеш “Кыргызгаз” ишканасын Орусиянын “Газпром” компаниясына берүүнү ратификациялоо маселесин 2-окууда кароодо. Депутаттардын алдында Энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаев маалымат берүүдө.

Анын айтуусунда, “Кыргызгаз” ишканасын Орусияга берүү ишкананын келечеги жана кыргызстандык көгүлтүр от пайдалануучулар үчүн жакшы болот. “Калктын энергияга болгон талабы кескин көтөрүлүүдө. Ошондуктан, биз инвестиция алып келип, тармакты оңдоого аракет кылышыбыз керек. Бул инвестиция азыр “Газпром” болуп турат”,- деди министр.

“Ата-Журт” фракциясынын депутаты Жылдызкан Жолдошева “Кыргызстандын келечек мууну азыр биздин “Кыргызгазды” татыбаган баага сатып жибергенибизди кечиреби?” деген суроо коюп, бул тармакты арзандатылган насыя менен чечүү жагын карап чыгууну сунуштады.

Өткөн жумада Жогорку Кеңеш “Кыргызгаз” ишканасын Орусиянын “Газпром” ишканасына берүү боюнча сунушту 1-окуудан кабыл алган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG