Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:21

Жаңы жылдык балаты 16-декабрда орнотулат


Бишкектин вице-мэри Айгүл Усубакунованын журналисттерге билдиргени боюнча, учурда шаардагы негизги балаты борбордук Ала-Тоо аянтына орнотулат.

Азыркы учурда “Тазалык” ишканасы балатыны орнотууга даярдык иштерин жүргүзүүдө. Вице-мэрдин айтуусунда, Ала-Тоо аянтына орнотулуучу балатынын бийиктиги 20 метр болот. Балаты Ала-Тоо аянтына орнотулган күнү кечинде аянтта концерттик программанын коштоосунда балатынын оттору күйгүзүлөт.

Айгүл Усубакунова борбордук аянттагы негизги балатыдан тышкары Бишкек шаарында дагы он чакты балатылар Жогорку Кеңеш, Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театры, Бишкек мэриясы сыяктуу мамлекеттик мекемелердин алдына орнотулат.(ZKo)

XS
SM
MD
LG