Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:43

ЖК “Кыргызгаз” ишканасын Орусияга сатуу келишимин ратификациялады


Парламент депутаттары “Кыргызгаз” ишканасын Орусиянын “Газпром” компаниясына сатуу боюнча Кыргызстан менен Орусиянын ортосунда 26-июлда түзүлгөн келишимди ратификациялоого 78 добуш менен макулдук берип, 2-окууда кабыл алды. Келишимди ратификациялоо 3-окууда 77 добуш менен мыйзам түрүндө бекитилди.

“Кыргызгаз” ишканасын Орусиянын менчигине берүү келишимине каршы добушун катышып отурган 97 депутаттын ичинен 19 депутат билдирди.

"Кыргызгаз” ачык акционердик коому 26-июлдагы Кыргызстан менен Орусиянын газ тармагында кызматташуу келишимине ылайык, Орусияга өткөн. Келишимге кыргыз тараптан Энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаев кол койгон.(ZKo)

XS
SM
MD
LG