Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:37

Украинада Нуланд президент менен сүйлөштү


АКШнын мамкатчысынын жардамчысы Виктория Нуланд Киевде президент Виктор Янукович менен сүйлөшүү жүргүздү. Анын алдында Нуланд шаардын борбордук Көз карандысыздык майданында демонстранттар менен жолуккан эле. Кризисти жөнгө салууга көмөктөшүү үчүн келген Нуланд демонстранттарга жана тартип коргоочуларга сэндвич таркатты. Алардын көбү азыр аянттан сырткары чыгып кетишти.

Мунун алдында Украинанын ички иштер министри Виталий Захарченко демонстранттардын укуктары сакталат деген эле:

- Мен бардыгыңыздарды сабырдуулукка чакырам. Аянтка чабуул болбойт. Эч ким жарандардын тынчтык мүнөздөгү нааразылык билдирүү укугун тепсебейт. Бирок биз башка жарандардын укуктарын жана мыйзамдык кызыкчылыктарын көзгө илбей коё албайбыз. Ошондой эле баш калаанын адаттагыдай жашоосу үзгүлтүккө учурабашы керек.

Чатырларды жана тосмолорду алып салуу үчүн бүгүн эртең менен Көз карандысыздык аянтына көп санда полиция киргизилген эле. Демонстранттар Евробиримдик менен кызматташтык келишимине кол коюудан баш тарткан бийликтерге нааразы болушууда. Европа Биримдиги ал арада Украин делегациясы Брюсселге сүйлөшүүгө келбей тургандыгын билдирди.

XS
SM
MD
LG