Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:53

Украин полициясы: «жардыруу» коркутуусу болду


Киевде полиция шаардын эки аба бекетинде жана борбордук темир жол вокзалында бомба бар экендиги тууралуу белгисиз адамдар телефондон чалышкандыгын ырастады. Украинанын маалымат каражаттары эл аралык Борисполь аэропортунан жүргүнчүлөр эвакуациялангандыгын жазышууда. Полиция акыркы күндөрү бомба тууралуу бир нече жолу эскертүү алган. Европачыл демонстранттар турган Көз карандысыздык аянтына жакын жердеги бир нече метро бекеттери жабылып, бомба табылбагандан кийин кайра ачылды.

XS
SM
MD
LG