Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:54

Мамытов: Кылмыш дүйнөсүндө абал курч


Бул тууралуу шаршембиде өткөн кылмыштуулукка каршы күрөшүү
боюнча өкмөттүн жыйынында айтылды.

Жыйын вице-премьер-министр Токон Мамытовдун жетекчилиги алдында өтүп, ага күч түзүмдөрүнүн башчылары катышты. Мамытовдун “Азаттыкка” билдиришинче, Кыргызстанда кылмыштуу топтордун активдүүлүгү күчөп жатканы байкалууда. Айрыкча, бул абак жайларда сезилип жатат. Ошондой эле криминалдык топтордун мүчөлөрү бийлик системасына таасирин арттырып жана айрым саясий топтор менен мамиле куруу аракетин көрүп жатат. Мындан улам күч органдарынын башчыларына криминалга каршы күрөштү күчөтүү тапшырмасы берилип, ал үчүн бир айлык мөөнөт чектелди. Бул мөөнөт ичинде өз ишин жөндөй албаган күч түзүмдөрүнүн жетекчилеринин жоопкерчилиги каралаарын Мамытов эскертти.(BkA)

XS
SM
MD
LG