Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:01

Кыска метраждуу тасмалардын фестивалы башталат


Бүгүн Бишкекте "Кыргызстан - кыска метраждуу тасмалар өлкөсү" аттуу кино фестивалы башталат. Фестивалга КМШ, Балтия өлкөлөрү жана Грузиянын киночулары катышат. Уюштуруучулардын маалымдашынча, эл аралык конкурска 13 тасма, улуттук конкурска 10 тасма ат салышууда. Тасмалар "Манас" кинотеатрында көрсөтүлөт. Мыкты фильм жана режиссура үчүн сыйлык тапшырылат. Калыстар тобун орусиялык кинорежиссер жана сценарист Лариса Садилова жетектейт. Кыргызстандын атынан калыстар курамына режиссер Темир Бирназаров кирди.

Аталган фестивал Кыргызстанда үчүнчү ирет уюштурулууда.(BkA)

XS
SM
MD
LG