Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Август, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:23

Төлөгөнов: Окуучулар жадыбалды билбейт

Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Райкан Төлөгөнов Жалал-Абад облусуна караштуу Таш-Көмүр шаарынын мектептеринде билим берүү, окуучулардын тартиби начарлап кеткенине токтолду. Анын айтымында, 3-класстын окуучулары окуганды, 8-класстын окуучулары жадыбалды билбейт. Бир топ окуучулар ар кандай кылмыш иштери менен милициянын көзөмөлүндө турат. “Ата-энелер болсо мугалимдер аракет кылбайт деп нааразы болуп кайрылышты. Муну өкмөт көзөмөлгө алып койсун”, - деди Төлөгөнов.

Адистер Кыргызстанда билим берүүнүн сапаты түшүп жатканын сындашууда. 2010-жылы ПИЗА жүргүзгөн эл аралык иликтөөдө билим сапаты боюнча Кыргызстан эң арткы орунда экени аныкталган. (КЕ)
XS
SM
MD
LG