Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:41

Кыргызстан Чыңгыз Айтматовду эскерүүдө


Бүгүн “Ата-Бейит” мемориалдык комплексиндеги Чыңгыз Айтматовдун эстелигине гүлчамбар коюлуп, куран окулду. Залкар жазуучуну эскерүүгө премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев,экс-президент Роза Отунбаева, Президенттин аппарат башчысы Данияр Нарынбаев жана маркумдун үй-бүлөсү, жакындары катышууда.
Бүгүн залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнү. Жазуучу тирүү болгондо бүгүн 85 жашка чыкмак. Жазуучунун мааракесине карата бардык облуста эскерүү иш-чаралары уюштурулат. Кечинде Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда жазуучуну эскерүү кечеси өтөт.

Чыңгыз Айтматов 1928-жылы 12-декабрда Таластын Шекер айылында туулган.
Ал совет доорунда эле “Жамийла”, “Саманчынын жолу”, “Гүлсарат”, “Бетме-бет”, “Ак кеме”, “Кылым карытар бир күн”, “Кыямат” сыяктуу мыкты роман-повесттери менен дүйнөгө таанылган. Чыңгыз Айтматов мамлекеттик иштерге да жигердүү катышып, СССРдин Люксембургдагы элчиси болуп кызмат өтөгөн. СССР таркагандан кийин Чыңгыз Айтматов Кыргызстандын Бенилюкс өлкөлөрүндөгү элчиси кызматын аркалап келди. Жазуучу 2008-жылы 10-июнда, Германияда дарыланып жаткан жеринен көз жумган.

Айтматовдун туулган күнүнүн урматына 12-декабрь Кыргызстанда улуттук адабияттын күнү деп жарыяланган.(КЕ)

XS
SM
MD
LG