Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:09

Бекназаров: “Центерраны” эл аралык сотко берүү керек


Бул тууралуу “Эл үнү” кыймылынын лидери Азимбек Бекназаров “Азаттыкка” берген интервьюсунда айтты. Ал Кыргызстан “Центерра Голдду” экологияны бузганы, Кыргызстандын мыйзамдары менен иштебегени үчүн эл аралык сотко берүүгө укугу бар экенин кошумчалады.

- Ушул сыяктуу үч-төрт негиз менен эл аралык сотко биздин өкмөт коркпой эле бериши керек. Эл аралык соттон утулуп калабыз деген бул шылтоо, мурдагыдай коррупциялык схема. “Центерра Голд” иштейм десе, келип жаңыдан келишим түзсүн. Иштебейм десе биздеги он байды чогултуп иштеткиле десе иштетип кетишет, - деди Бекназаров.

Буга чейин Жантөрө Cатыбалдиев “Азаттыкка” курган маегинде Кумтөр ишканасын 50/50 пайыз үлүштө иштетүү боюнча сүйлөшүүлөр уланып жатканын билдирген. Анын айтымында, парламент талап кылган Кыргызстандын үлүшүн 67% чейин көтөрүү талабы реалдуу эмес. (КЕ)

XS
SM
MD
LG