Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:54

Ректор Исамидиновго кылмыш иши козголду


Бул маалыматты “Азаттыкка” Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын тергөөчүсү Элдияр Малдыбаев тастыктады. Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун токтомунда белгиленгендей, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору Искендер Исамидинов төрт проректордун ордуна сегизди дайындап алган. Штаттык кеңейтүүлөр боюнча Билим берүү жана илим министрлиги менен макулдашылган эмес. Проректорлор министрликтин буйругу менен эмес, Исамидиновдун буйругу менен дайындалган. Натыйжада проректорлорду дайындоо мыйзамынын нормалары бузулуп, аларга 2 млн. 238 миң сом айлык акы мыйзамсыз берилген. Буга байланыштуу кылмыш иши 28-октябрда козголгон. Учурда тергөө, иликтөө иштери уланууда.

Бул маалымат боюнча Искендер Исамининовдун өзү менен байланышып, жооп алууга мүмкүн болгон жок.

Искендер Исамидинов Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин жаңы ректору болуп 2011-жылы жайында дайындалган. Ал “Азаттыкка” курган маегинде пара берүү, акча менен баа койдуруу кыйла кыскарганын, үч жылда коррупция азаярын билдирген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG