Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:58

Ошто акысыз психологдордун борбору түзүлөт


Ош шаарынын жаштар иштери боюнча комитети жаштар арасындагы суицид маселесин талкуулады. Ага Шаардык кеңештин депутаттары, укук коргоо органдарынан өкүлдөр, Ош шаардык казыяты, психологдор жана окуу жайлардын жетекчилери катышып, маселенин келип чыгышы жана анын алдын алуу тууралуу сөз кылышты.

Комитет төрагасы Сонунбек Жунусбаевдин шаардык Ички иштер башкармалыгына таянып билдиргенине караганда, жыл башынан бери 16 адам өз жанын кыйган. Мындан улам аталган комитет жаштар үчүн акысыз психологдордун борборун түзмөй болду.

ИИМдин маалыматына ылайык, соңку кезде өз жанын кыйган жарандардын саны өсүүдө. Өткөн жылы алардын саны миңге жакындаган. Суицидге көбүнчө жаштар барып жатканы айтылууда. (КЕ)

XS
SM
MD
LG