Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:12

“Кумтөрдүн” өкүлү Дуглас Гриер суралды


Бүгүн Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Жети-Өгүз районундагы Саруу айылынын тургундары Эрмек Жунушбаев менен Бактияр Курмановдун соту улантылды. Соттук жараянда “Кумтөр оперейтинг” компаниясынын өкүлү Дуглас Гриер жабырлануучу катары суралды. Бул тууралуу “Азаттыкка” компаниянын маалымат кызматынан кабарлашты.

Сотто Гриер айыпталуучулар талап кылган акчаны эмне кыларын так айтышпаганын, 1,5 миллион долларын Жети-Өгүздө реабилитациялык борбор курууга, жарымын нааразы болгон элге бөлүп беришерин гана айтышканын билдирди.

Эрмек Жунушбаев менен Бактияр Курманов быйыл августта “Кумтөр оперейтинг” компаниясынын өкүлү Дуглас Гриерден ири суммадагы акча талап кылды деген айып менен УКМКнын тергөө абагына камалган. Соттолуучулар өздөрүн күнөөсүз деп эсептейт. Сот эртең, 13-декабрда да улантылат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG