Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:36

Путин "аморалдык интернационалдан" коргонууга үндөдү


12-декабрда Орусиянын президенти Владимир Путин Федералдык жыйынга кайрылуу жасады. Путиндин кайрылуусу Конститутциянын 20 жылдыгына арналып, 10-жолу окулууда. Президент Путин Башмыйзамда адам укуктары жана эркиндиктери боюнча жоболор жалпысынан өзгөртүлгүс экенин, бирок кээде айрымдарын кылдаттык менен оңдосо болот деген пикирин айтты. Жана коомдук көзөмөл тууралуу мыйзам кеңири талкууга алынышы керектигин да кошумчалады.

Этнос аралык мамилелерге токтолгон Путин Орусия «аморалдык интернационалдан» коргонуш керектигин белгиледи. Путиндин айтымында, этнос аралык конфликттерге кандайдыр бир эл эмес, бирок салттарды урматтабаган айрым адамдар күнөөлүү, алардын арасында Путиндин пикиринде Орусиянын "түштүгүнөн чыккандар" "укук коргоо органдарынын кылмышкерлерди коргогон жана сатылган кызматкерлери" жана «орус улутчулдары" деген атка конгон топтор күнөөлүү.

Путиндин кайрылуусу Кремлдин Георгиев залында өтүүдө. Иш-чарага миңден ашуун адам чакырылган. Алардын арасында депутаттар, соттордун башчылары, диний лидерлер жана башка мамлекеттик кызматкерлер, коомдук ишмерлер бар (AiK).

XS
SM
MD
LG