Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:24

Баткен: сурьма комбинаты кыйын абалда

Кадамжай районунун акиминин орун басары Жаныбек Исаковдун 12-декабрда "Азаттыкка" билдиришинче, Кадамжай сурьма комбинатынын жумушчулары айлык акынын кечиктирилгенине нааразы.

- Ишкана жумушчулары 2 айдан бери маяна албаганга байланыштуу 140 тонна өндүрүлгөн даяр продукцияны барымтага алышкан. Эмгек акы толук төлөнгөндө гана продукцияны кардарларга жеткиресиңер деген талап коюшту. Аймакта эч кандай башаламандык жок, абал тынч,- деди Жаныбек Исаков.

Аталаган комбинат 2005-жылы казакстандык «АТФ-Инвест» компаниясына сатылган. Быйылкы жылдын 1-ноябрына чейин 1415 тонна сурьма өндүргөн. (JsA)
XS
SM
MD
LG