Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:43

Келдибековдун тарапкерлери ачкачылыкты улантууда


Камактагы Жогорку Кеңештин депутаты Акматбек Келдибековдун тарапкерлери Ош шаарында ачкачылык акциясын улантышууда. Бул тууралуу "Ата-Журт” партиясынын Оштогу өкүлү Дария Шабданова кабарлады. Анын айтымында, шаардын  борбордук аянтында тигилген үч боз үйдө 11-декабрдан бери 21 адам ачкачылык кармап жатат. Алар  Келдибеков үй камагына бошотулмайын акцияны уланта берээрин билдиришти.

Акматбек Келдибеков коррупциялык иштерге айыпталып, Улуттук коопсуздук кызматынын убактылуу кармоочу жайына 20-ноябрда камалган. Аны бошотуу талабы менен буга чейин Бишкекте, Ошто жана Алай районунда нааразылык акциялары өткөн. Алайдагы тарапкерлери Ош-Сары-Таш-Эркеч-Там унаа жолун бууган болчу.(BkA)

 

XS
SM
MD
LG