Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:02

Түндүк Корея лидери тууганын өлүмгө буюруду


Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын жездеси чыккынчылыкка айыпталып өлүм жазасына тартылды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн мамлекеттик маалымат агенттиги кабарлады. Аскер сотунун өкүмү менен жазага тартылган 67 жаштагы Чан Сон Тхек Түндүк Кореядагы эң таасирлүү адамдардын бири болчу. Ал Ким Чен Ындын атасы Ким Чен Ир бийликте турган учурда өлкөдөгү экинчи адам эле. Ын бийликке келген учурда анын негизги кеңешчиси саналчу. Ошондуктан, анын өлүмгө өкүм кылышы Ким Чен Ындын бийликке келген эки жыл ичиндеги эң чоң кызматтык өзгөртүүсү катары кабыл алынып жатат.

Бир жума мурун Чан Сон Тхек кызматтан алынып, коррупцияга, ыплас жүрүм- турум жана баңгимандыкка айыпталган болчу.

XS
SM
MD
LG