Кара-Балта шаардык кеңешинин төрагасына кылмыш иши козголду. Бул тууралуу “Азаттыкка” ИИМдин Уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү башкармалыгынын башчысы Рафик Мамбеталиев билдирди. Анын айтымында, төрага Таалайбек Сүйүнбаев ал көтөргөн маселеге каршы чыкканы үчүн шаардык кеңештин бир депутатын ур-токмокко алган:
- Кара-Балтанын шаардык кеңешинде төрага болуп отурган адам уюшкан кылмыштуу топтун мурдагы мүчөсү. Жыйын өткөрүп жатып, депутатты сен менин пикиримди колдобойсуң деп сабап салыптыр. Бул ишти биз аягына чыгарып, жоопко тартабыз.
Буга чейин Ички иштер министрлигинен жергиликтүү кеңештерде уюшкан кылмыштуу топтордун 12 мүчөсү депутат болуп шайланганын билдирген. Ушул жумадагы өкмөт жыйынында акыркы учурда кылмыш дүйнөсүндө абал курчуп, кылмыштуу топтордун активдешкени айтылып, күч органдарына күрөштү күчөтүү тапшырмасы берилди. Ал үчүн бир айлык мөөнөт чектелди.(BkA\EBM)